География:КАПКАТАШ КӨЛҮ
Фергана тоо тизмегинин түн.–батыш тармактары – Кеңкол м-н Такталыктын аралыгында жайгашкан.
Токтогул р-нун аймагында. Аянты 0,96 км2, суу массасынын көлөмү 2,6 млн м3. Эң терең жери 50 м. Капкаташ өрөөнүндө, деңиз деңг. 2 305 м бийиктикте жатат. Т унуктугу 3 м. Көлгө 7 өзөн куюп, андан агып чыккан суу Карасуу көлүн толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет.