География:ЖУУКУ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Алатоонун түн. капталындагы Жууку суусунун башында жайгашкан. Уз. 4 50 м, эң жазы жери 250 м. Аянты 0,073 км2, суусунун көлөмү 0,204 млн м3. Эң терең жери 9,5 м. Тепши сымал өрөөндө деңиз деңг. 3 790 м бийиктикте жатат. Чанагы байыркы мөңгүдөн пайда болгон. Чыгыш тарабы анча бийик эмес морена м-н тосулган. Жээк тектирлери ж-а формасы көлдүн аянты мурда 2,5 эсе чоң болгондугун далилдейт. Бөгөттүн жуулуп кетишинен көлдүн деңгээли бөксөргөн.

Суусу тузсуз, тунуктугу 2,5 м. Көлдөн Жууку суусунун оң куймасы башталат.