География:БЕШТАШ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Талас Алатоосунун түн. капталындагы Бешташ капчыгайында деңиз деңг. 3 008 м бийиктикте жайгашкан көл. Аянты 0,54 км2, орт. тереңд. 1 3 м, эң терең жери 28 м. Уз. 1 200 м, туурасы эң жазы жеринде 600–700 м. Суунун көлөмү 6,6 млн м3. Жер көчкүдөн кийин өрөөндүн бөгөлүп калышынан пайда болгон. Суусу тунук, мөңгү ж-а булак сууларынан толукталат. Июнь – июлда деңгээли 1–2 мге чейин көтөрүлүп, сентябрь – майда кайра бөксөрөт. Октябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (жилингир, алабуга, севан жилингири) бар. Көлдөн Бешташ суусу агып чыгат. Көлдүн тегереги, айрыкча андан төмөнүрөөк, Бешташ суусунун сол жээгинде жайгашкан эки чакан көлдүн ландшафты өтө кооз. Рекреациялык мааниси зор.