География:АЛАКӨЛ
— Тескей Алатоонун түн. капталындагы көл. Каракол өрөөнүнүн оң капталындагы кууш коктуда жайгашкан.
Уз. 2,8 км, эң жазы жери 600–700 м. Аянты 1,5 км2дей. Көл чанагы деңиз деңг. 3 532 м бийиктикте жатат. Мөңгүдөн агып чыккан чакан өзөн көлдү толуктап турат. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Көл суусу бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгып, Каракол суусуна куят.