География:ЭҢИЛЧЕК
– Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаз суусунун сол куймасы. Уз. 62 км, алабынын аянты 1739 км2, алабынын орт. бийикт. 4380 м. Түш. Эңилчек мөңгүсүнөн ба шталат. Башынан аяг ына чей ин э ни 3 км дей келген терең ж-а кенен капчыгай аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 30 м3/сек. Алабынын 54% (949 км2) мөңгүмуздар м-н капталган. Алардын эң ирилери – Түн. ж-а Түш. Эңилчек (аянттары 203 км2 ж-а 613 км2) мөңгүлөрүнүн этегинде Мерцбахер көлү орун алган. Анда жылына 300–350 млн м3 мөңгү суусу топтолот. Жайдын толугунда көлгө суу батпай, муздун жаракалары аркылуу агып чыгат.
Ал мезгилде Э-тин деңгээли көтөрүлүп, чыгымы 600–700 м3/секга чейин жетет. Майдын аягында кирип, сентябрда тартылат. Өрөөнү кышкы жайыт катары пайдаланылат.