География:ШАЙМЕРДЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Түш. Кыргызстан м-н Өзбекстандын аймагы аркылуу аккан суу.

Уз. 112 км, алабынын аянты 1466,6 км2. Коллектор тоосунан башталган Көксуу м-н Аксуунун кошулушунан түзүлөт. Куймалары жогорку бөлүгүндө аскалуу кокту-колоттор, терең капчыгайлар м-н агат. Көксуунун чатынан төмөн Ш-ге суу куйбайт. Вуадиль кыш. ченде 3 салаага бөлүнөт. Негизги салаасы – Маргалаңсай Фергана ж-а Маргалаң ш. аркылуу агып өтүп, магистралдык каналга салынып, андан майда сугат каналдары тарайт. Калган эки тармагы – Алтарыксай м-н Файзабадсай. Чимион ж-а Капчыгай адырларын кесип өтүп, сугат каналдарына бөлүнөт. Ш-дин алабынын төмөнкү бөлүгүнө суусу негизги нукка жетпей соолуп калган сайлар мүнөздүү. Алабында 20дай мөңгү бар (жалпы аянты 52,6 км2). Көксуунун өрөөнүндө бетинин аянты 0,13 км2ге жеткен Курбанкөл жайгашкан. Ш. кар, мөңгү, булак ж-а жамгыр сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 11,1 м3/сек, эң көбү 64,2 м3/сек, эң азы 3,58 м3/сек. Майдын аягында кирип, августта тартыла баштайт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Фергана, Маргалаң ш., Вуадиль, Хамзабад, Кадамжай, Чимион ж. б. кыш. жайгашкан. Адабияттарда Шахимардан деп да аталат.