География:ШАЙДАНСАЙ
– Бабашата кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталган суу. Ноокен р-нун аймагында Караүңкүргө жетпей сугат тармактарына таралат. Уз. 30 км, алабынын аянты 131 км2.
Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт 2070 м. 10го жакын майда куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 1,65 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда (2,9 м3/сек), азы январда (0,60 м3/сек) байкалат.