География:ЧҮЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кырг-н м-н Казакстандын аймагы аркылуу аккан дарыя. Уз. 1030 км (Каракужур суусу м-н 1305 км), алабынын аянты (Үлкөнарнанын чатынан Уланбел кыш-на чейин) 67,5 миң км2. Кырг-ндын аймагындагы уз. 260 км, орт. эңкейиши 5°, алабынын аянты 22 миң км2, анын 65%и тоолуу бөлүккө, 35% түз жерлерге туура келет. Адабиятта ж-а официалдуу маалыматтарда Чүй д. деп анын Боом капчыгайынан ылдыйкы, Чоң Кемин суусу кошулгандан кийинки гана агымын эсептеген. Биринчи орус изилдөөчүлөрү (М. И. Венюков, 1860; А. Ф. Голубев, 1861; П. П. Семёнов, 1857 ж. б.) да ушуну айкындашкан. Илимге сиңип калган түшүнүк б-ча, Чүй д. Кочкор өрөөнүнөн (Жоонарык м-н Кочкордун бириккен жеринен), 1802 м бийиктиктен башталат. Андан ылдый протерозойдун метаморфизмделген гнейс, акиташ тоо тектеринен, силур-девон граниттеринен турган Арсы, Каракоо тоолорун, Ортотокой сиенит массивин кесип өтүп тар капчыгайларды жаратат. Ысыккөл өрөөнүнө чыгып, көлгө 7 км жетпей, дарыя түн.-батышка Боом капчыгайын көздөй бурулат. Ушул имерилиште илгери, Ортотокой суу с. курулганга чейин жайкысын Кочкор суусу катуу кирген мезгилде суу өзөндүн нугуна батпай жээктен ашып, Көтмалды салаасы аркылуу Ысыккөлгө да куюп турган (к. Бууган макалсын).

Каражылгадан (1600 м бийиктикте) Тайгакташка чейин 22 км аралыкта дарыя Боомдун ичи м-н тар (нугунун туурасы 15–20 м чейин) капчыгай, терең (60–70 м) каньон аркылуу өтөт. Капчыгайдын ортоңку бөлүгүндө палеозойдун чөкмө тектерин, түн. жагында (Ыңырчак, Окторкой аймактары) протерозойдун гранит- гнейс тектерин шар суу дайыма жемирип турат. Чоң Кемин суусу (1287 м бийиктикте) куйгандан кийин дарыя Чүй өрөөнүнө чыгып, катуу шар аккан тоо суусу түздүк тибиндеги жайылып аккан дарыяга өтөт. Деңиз деңг. 535 м бийиктикте Чүй Кырг-ндын чегинен чыгып калган агымы Казакстандын чөлдөрүнө туура келет. Төмөн жагында өрөөнү 5–10 км, кээ бир жеринде 30 кмге чейин кеңейип, жайылмалары сазга айланып, камыш басып, майда көлдөрдү пайда кылат. 72° чыгыш узундукта Чүй д. кумга сиңип соолот. 67°ка жакын туздуу Ачикөлгө жетип-жетпей (150 м абс. бийиктикте) кумдуу чөлдө биротоло соолот. Кырг-ндын аймагында Чүйдүн системасына 4892 агын суу, өзөн, канал ж. б. кирет; алардын эң узуну 200 кмден ашат; 91%нин уз. 10 км жетпейт: Жылдык орт. агымы 3,6 км3 (Кырг-ндагы агын суулардын жылдык көлөмүнүн 7,7%), орт. чыгымы 71 м3/сек, агымынын орт. модулу 6,5 л/сек . км2. Агымынын 54%и 3300 мден бийик жаткан тоолуу аймакта чогулат. Тоодон ойго, түздүккө түшкөндө негизинен төртүнчүлүк мезгилдеги ж-а азыркы аллювий борпоң тектери аркылуу аккандыктан жерге сиңүүдөн, буулануудан суу көп коромжу болот. Алардын далайы жер астындагы сууларга өтүп, «Карасуу» иретинде кайра өзөнгө кошулат. Ири куймалары: Чоң Кемин, Кичи Кемин, Каракоңуз, Ргайты (оң), Шамшы, Ысыката, Аламүдүн, Аларча, Жыламыш, Аксуу, Карабалта (сол). Куймаларынын көбү Чүйгө жетпей, сугатка таралып кетет. Суу ресурстарын толук пайдалануу максатында Чүйдө, анын куймаларында каналдар (Атбашы, Георгиевка, Чоң Чүй ж. б.), суу сактагычтар (Ортотокой; Чөмүч, Аларча ж. б.), ГЭС, көлмөлөр ж. б. курулган. Жылына Чүй өрөөнүнүн аймагында (Кырг-нда) 300 миң гадан ашык аянттары сугарылат. Чүй д-нын энергетикалык кубаты 360 миң кВтка барабар. Анын жээгиндеги саздардын чым көңү, дары баткак кендери (Камышановка, Луговой, Төмөнкү Чүй) пайдаланылат. Түрдүү балыктар (жаян, каңылтыр, өрдөкбаш, сазан ж. б.) кезигет. Саздак, нымдуу, жайылма кашаттардагы камыш, бадал, өлөң чөп ж. б-да түрдүү канаттуулар, жандыктар мекендейт. Боюнда Токмок ш., Чүй, Кемин шаарчалары, Георгиевка, Васильевка ж. б. кыш. жайгашкан. Өндүрүштүн түрдүү токсикалык ж. б. таштандылары, жаратылыш ресурстардын иреетсиз пайдаланылышы табигый чөйрөгө зыян келтирүүдө. Чүй д. булганган өзөндөрдүн бири. Аны коргоо, дарыянын экологиялык абалын жакшыртуу – өзгөчө маанилүү милдет. Чүй топониминин тарыхы, жаралышы, этимологиясы алиге чейин чечиле элек. Тарыхта ал адегенде кытайлык эмгектерде Суй-е, Суй-Йе, Суй-хе, Суй-йе-Чуань, Суй-йе-шуй (7–8-к.) түрүндө кезигет. Араб-фарсы саякатчылары (9–11-к.) Суяб (көбүнчө шаардын атынан) аташкан. Номендин азыркы формасы (Чүй) алгачкы жолу кытай саякатчысы Чан-Чундун эмгегинен (13-к.) жолугат. Анда дарыя Чүй-Мулян (монголчо мурэн – чоң суу) түрүндө берилген. Б. з. ч. 4-к-да курулган Шу сепили жөнүндөгү легенданын Чүй өрөөнүнө тиешелүү экендигин В. В. Бартольд (1964) баса белгилеген. Чүйдүн этимологиясы ж-дө түрдүү пикирлер бар. В. К. Герндин (1889) ою б-ча номендин жаратылышы кытайча «шюй» («суу») термини м-н байланыштуу. Э. М. Мурзаев да (1984) Чүйдүн түпкү тегин кытайлык, тибеттик (чу – канал, чуань – өзөн) сөздөрдөн издейт. Айрым авторлор (В. В. Бартольд, X. X. Хасанов, Э. М. Мурзаев ж. б.) Чүй м-н тажиктин жу, жуй (арык, канал) терминдеринин ортосундагы байланышка көңүл бурат. Б. М. Юнусалиевдин ою б-ча (1959) «Чүй» м-н «суу» маанилеш. Илгери Алтайды мекендеген кыргыздар андагы айрым топонимдерди Алатоо аймагындагы жаңы конушуна колдонушкан. Чүй этноним да болушу мүмкүн. 7-к-да Жетисууну жердегендердин ичинде чүй уругу болгон. Бул этнос Орхон-Энисей жазмаларында эскерилет. Өткөн кылымда Алтай-Саян түрк элдеринин ичинде чүй уругу да болгону белгилүү. Чүй боорун байырлаган кыргыздар үчүн кенен, берекелүү Чүй өрөөнү дайыма Кер өзөн Чүй, Сары өзөн Чүй, Чүй-Ата атыгып келген.