География:ЧОҢ ЖЫЛАҢАЧ
– Каркыра суусунун сол куймасы. Тескей Алатоонун түн. капталынан башталат. Уз. 27 км, алабынын аянты 175 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт.
3250 м. Куралуу облусуна кирет. Эчкилиташ ашуусунан башталып, кууш колот аркылуу агат. 17 куймасы бар, ирилери: Кичинежылаңач (20 км), Ашуайрык (сол); экөө тең көлдөн башталат. Жылдык орт. чыгымы 2,0 м3/сек; эң көп чыгымы майиюнда, эң азы январь-февралда байкалат. Алабы жайыт.