География:ЧОҢ АКСУУ
– Күнгөй Алатоонун түш. капталынан башталган суу. Ысыккөлгө куят. Уз. 31 км, алабынын аянты 337 км2.
Айлама ж-а Аюутөр сууларынын кошулушунан түзүлөт. Жогорку агымында байыркы мөңгүлөрдүн калдыгын (моренаны) аралап агат. Жиндисуу куйгандан кийин кууш капчыгай м-н өтөт. 16 майда куймасы бар; ирилери: Кашкасуу (оң), Кулаганташ, Жиндисуу (сол). Мөңгү, кар сууларынан куралат. Алабында 48 мөңгү (жалпы аянты 48,9 км2) бар. Көп жылдык орт. чыгымы Григорьевка кыш. тушта 5,0 м3/сек, эң көбү 19,1 м3/сек, азы 1,4 м3/сек. Майдын аягында кирип, октябрда тартылат.