География:ЧАҢГЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Сузак р-нундагы суу, Көгарт суусунун сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталат. Уз. 75 км, алабынын аянты 381 км2.

Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 1640 м. Башы Орказган, ортоңку бөлүгү Ийрисуу аталат. Негизинен кар (60%), жаанчачын (30%) ж-а булак сууларынан куралат. Ч-тин 10 куймасы бар; ирилери: Чоң Таш, Ийрисуу ж. б. Жазында кирип, жайында тартылат. Режими б-ча алтай тибиндеги дарыялар тобуна кирет. Ташкындар да көп байкалат. Көп жылдык орт. чыгымы Чаңгет кыш. тушта 2,3 м3/сек; эң көп чыгымы апрелде (15,8 м3/сек), эң азы сентябрда (0,9 м3/сек) байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чаңгет, Барпы кыш. жайгашкан.