География:ҮРҮМБАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Сузак р-нундагы суу, Көгарт суусунун оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин бир тармагы Сарыкыр тоосунан башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 164 км2, деңиз деңг. орт. бийикт.

2000 м. Суу Фергана тоо тизмегинин тармактары Сарыкыр ж-а Акташ тоолорунун коктуларынан башталып, өрөөнгө чыгат. Ортоңку бөлүгүнөн баштап, жаңгак токойлуу өрөөн аркылуу кууш босоголор м-н агып өтүп, Көгартка куят. Жылдык орт. чыгымы 1,12 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Үрүмбашы кыш. жайгашкан.