География:ТООЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Кетментөбө өрөөнүндөгү суу, Нарындын оң куймасы. Уз. 33 км, алабынын аянты 205 км2. Суусамыр кырка тоосунун түш. капталынан башталып, жогорку агымында кууш өрөөн м-н агат. Ири куймалары: Алмасуу, Зындан, Туздусуу (оң), Мазарсуу (сол). Негизинен мөңгү, кар, булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3,6 м3/сек, эң көп чыгымы июнь–июлда (17,3 м3/сек), азы январь – февралда (0,96 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Тоолук кыш. жайгашкан.