География:ТЕКЕЛИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– суу, Аксайдын оң куймасы.

Уз. 50 км, алабынын аянты 213 км2. Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы Орказган ашуусунан башталган суу, түндүккө карай жайык өрөөн м-н Аксай өрөөнүнө чыкканда суусу жерге сиңип, жер асты м-н Аксайга кошулат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 1,1–1,3 м3/сек; эң көп чыгымы июль – августта, азы февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Т-тин 21 куймасы бар; ирилери: Туураашуу, Ортосуу.