География:ТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Сырдарыянын алабындагы суу.

Уз. 192 км, куралуу аянты 4420 км2. Каракулжа р-нун аймагы аркылуу агат. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш ж-а Алайкуу кырка тоосунун түн. капталдарынан башталат. Алайкуу ж-а Карабел сууларынын кошулушунан пайда болот. Каракулжа м-н кошулуп, Карадарыяны түзөт. Ортоңку агымында майда өрөөндөр ж-а терең (1–2 км), кууш капчыгайлар, төмөнкү бөлүгү Алайкуу өрөөнү м-н агат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 175 км2 болгон 10 көл бар. Эң ириси Чоң Кулун көлү (уз. 4,6 км, туурасы 0,7 км, аянты 1,58 км2). Жылдык орт. чыгымы 45,7 м3/сек, эң чоң чыгымы июнь – июлд а (214 м3/сек), азы январь – февралда (8,9 м3/сек) байкалат. Апрелде кире баштап, октябрда тартылат. Негизинен сугатка пайдаланылат. Жээгинде Сидоров, Алайкуу, Кызылжар, Каракулжа кыш. жайгашкан.