География:ТАЙГАККЕЧҮҮ
– Чүй д-нын ортоңку агымындагы белгилүү кечүү. Кемин р-нун аймагындагы, Тайгакташтан төмөн, Желаргы өрөөнүнүн тушундагы суунун жайылып аккан тайыз жери. Тайгаккөпүрө салынганга чейин Чүйдүн бир өйүзүнөн экинчи өйүзүнө өтүү үчүн ыңгайлуу өткөөл болгон. 1856-ж. П. П. Семёнов баштаган орус отряды дарыяны ушул жерден кечип өткөндүгү божомолдонот.