География:МЫКААЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Акталаа р-нундагы суу, Нарын дарыясынын сол куймасы. Уз. 45 км, алабынын аянты 504 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2200 м. Төөкуйрук тоосунун түн. капталынан Карасуу деген ат м-н башталып, Маистан өтөгүнөн өткөндө соолуп барып, кайрадан булактардан куралып, босоголуу кууш нук аркылуу Нарынга куят. Негизинен жаан-чачын, кар ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 3–4 м3/сек; эң көбү апрель – майда, эң азы январда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Карасуу, Жаңытилек кыш. бар.