География:МУЗДАБАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Атбашы р-нундагы суу, Аксай суусунун сол куймасы. Уз. 36 км, алабынын аянты 207 км. Атбашы кырка тоосунун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, кууш өрөөн м-н түштүктү карай агат. Аксай өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип салааларга бөлүнүп кетет.

Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 0,8–1,8 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.