География:КЫЗЫЛСУУ (ЧЫГЫШ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай р-нундагы суу, Таримдин бир курамы. Уз. 33 км, алабынын аянты 695 км2. Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталынан башталып, башталышында тар өрөөн аркылуу түндүктү, 10–12 кмден кийин чыгышка карай агып, Таримди түзөт. Өрөөнү аскалуу ж-а кууш.

Ири куймалары: Калтабулак, Нура, Малтабар. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы (мамл. чегарада) 13–15 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат.