География:КҮРКҮРӨӨ
— Талас өрөөнүнүн батышындагы суу, Ассанын бир курамы. Уз.
56 км, алабынын аянты 454 км2. Талас Алатоосунун Манас чокусундагы (4482 м) ж-а Байдамтал, Чыңгыз ашууларынын түндүгүндөгү мөңгүлөрдөн башталат. Терс м-н кошулуп, Асса суусун түзөт. Алабынын орт. бийикт. 2870 м. Эки ири куймасы бар: Көгөндү (сол, уз. 24 км) ж-а Аташчапкан (оң, уз. 32 км). Өрөөнүнүн та ман ында ж-а б еттери нде булактуу саздак жерлер көп. Алабында мөңгү ж-а 4 көл ( жа лпы ая н ты 0, 0 8 км 2 ) бар. К. тоо аралап шар агат. Тектирчелерди пайда кылат. Кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 5,98 м3/сек, июлдуку 16,0 м3/сек, марттыкы 2,23 м3/сек. Июнь-июль айларында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Тоодон чыккандан кийин 13 каналга бөлүнөт. Карабуура р-нун дыйкан чарбаларынын ж-а Казакстандын Жамбыл облусунун чарбаларынын айдоо аянттары сугарылат. Боюнда Көксай, Арчагул, Кайнар, Шекер, Аманбаев кыш. жайгашкан.