География:КҮМҮШТАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Талас облусунун Бакайата р-нун аймагы аркылуу аккан суу; Талас д-нын сол куймасы. Талас Алатоосунун түн. капталынан башталып, түндүктү карай агат. Уз. 60 км, алабынын аянты 393 км2. Негизинен кар, булак ж-а жаанчачын сууларынан куралат. Май айында кирип, сентябрда тартыла баштайт. Жылдык орт. чыгымы 2,71 м3/сек, эң көп чыгымы июнь-июлда, азы февраль-мартта байкалат. Ири куймалары: Талдыбулак, Чоң Коңурдөбө. Негизинен сугатка пайдаланылат. К-тан 7 канал чыгарылган, алар 3,48 м3/сек суу өткөрө алат. Алабында Шапак, Кызыл Кыргызстан, Ключевка кыш. бар.