География:КУРШАБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
— Алай кырка тоосунун түн. капталынан агып түшкөн суу, Карадарыянын сол куймасы. Уз. 157 км, алабынын аянты 3750 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м. Гүлчө ж-а Жошолу суулары кошулгандан баштап К. аталат. Булак (66%), кар (23%) ж-а мөңгү (11%) сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 24,6 м3/сек (Кочкората постунда), эң көп чыгымы июнда (58,6 м3/сек), эң азы февралда (10,9 м3/сек) байкалат. К-дын 50дөй куймасы бар (Гүлчөнү кошкондо). Ирилери: Жошолу, Бүлөөлү, Терек (оң), Мурдаш, Жылуусуу (сол). Алабында жалпы аянты 10,3 км2 болгон 31 мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Гүлчө, Куршаб кыш. жайгашкан.