География:КӨӨЛҮ
— Борб. Теңиртоодогу суу, Сарыжаздын оң куймасы. Аксуу р-нун ай м а г ы н д а. Уз. 51 км, аянты 844 км2 .
Т е с кей Ала тоо нун түш. капталынан башталган Көлтөр ж-а Көөлү кырка тоосунун түн. капталынан башталган Каратөр сууларынын кошулушунан түзүлөт. Негизинен мөңгү (49%), кар (21%) ж-а булак (30%) сууларынан куралат. 16 к уймасы бар. Ирилери: Моло, Шаркыратма, Сарычат, Караколтөр, Ашуутөр, Каратөр, Бордутөр, Оройсуу, Чоң Киндик, Сарыбулак. Алабында жалпы аянты 216,2 км2 келген 150 мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 13,5 м3/сек. Эң көп чыгымы июль – августта, азы мартта байкалат. Май айында кире баштап, октябрда тартылат.