География:КӨКӨМЕРЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(көк ж-а монг. мөрөн – суу; көк суу) – Жумгал р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын д-нын оң куймасы. Жалпы уз. 199 км, алабынын аянты 10400 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м.

Суусамыр м-н Каракол суусунун кошулган жеринен К. аталат. Ири куймалары: Музтөр, Жаманечки, Аксуу, Каракол, Жоожүрөк, Ойкайың, Көбүксуу, Жумгал, Миңкуш. Мындан тышкары 100дөн ашык майда куймалары, алабында бир нече майда көл бар. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Көп жылдык орт. чыгымы 80,3 м3/сек; эң көбү июнда (215 м3/сек), азы мартта (29,7 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Октябрь – ноябрда тоңо баштап, март – апрелде муздан арылат. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Кызылой, Арал, Сарыбулуң, Өрнөк кыш. орун алган.