География:КӨБҮКСУУ
– Ички Теңиртоодогу суу, Көкөмерендин оң куймасы. Жумгал р-нун аймагы аркылуу агат. Уз. 35 км, алабынын аянты 398 км2. Куралуу аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2800 м. Негизинен кар ж-а мөңгү суулардан куралат. К-нун 52 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 9,4 м3/сек, модулу 23,6 л/сек • км2. Июль айында ташкындап, февралда тартылат. Алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 2,7 км2.