География:КОҢОРЧОК
– Акталаа р-нундагы суу, Алабуганын оң куймасы. Уз. 39 км, алабынын аянты 89 км2, суу чогултуучу аянтынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3150 м. Негизинен кар ж-а мөңгү сууларынан куралат. Жай айларында кирип, күзүндө тартылган Теңиртоо тибиндеги дарыялардын тобуна кирет. Июль айында кирип, жайында соолуп калат. Жылдык орт. чыгымы 0,7 м3/сек. Боюнан Коңорчок кыш. орун алган.