География:КИ ЧИ КЫЗЫЛС УУ
–Т ескей Алатоонун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталынан агып түшкөн суу. Ысыккөлдүн куймасы.
Уз. 37 км, алабынын аянты 139 км2. Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 2930 м. Алабында жалпы аянты 4 км2 болгон майда мөңгүлөр бар. К. К-га уз. 21 км болгон 9 суу куят. Көп жылдык орт. чыгымы 1,25 м3/сек. Май – сентябрь айларында к ирип, октябрь – апрель айларында тартылат. Июль айы сууга мол (орт. чыгымы 3,20 м3/сек), декабрь-февралда сууга өксү (0,40 м3/сек) болот. Эң көп чыгымы 45 м3/сек, эң азы 0,08 м3/сек. Декабрдын ортосунда муз каптап, марттын аягында ачылат. Муздун калыңд. 25–40 смге жетет. Сугатка пайдаланылат. К. К-дан 3,00 м3/секга жакын суу өткөрүүчү 8 канал чыгарылган. Өрөөнүндө Кызылсуу кыш. жайгашкан.