География:КИЧИ КЕМИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чүй суусунун оң куймасы. Иле Алатоосунун түш. капталынан башталып, түш.-батышты карай агат да, Чүй д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Кемин р-нунда. Уз. 81 км, алабынын аянты 614 км2. Жогорку бөлүгүндө кууш өрөөн м-н агып, ортоңку агымында сайы кеңеет (10 м). Жылдык орт. чыгымы 2,10 м3/сек. Эң көп чыгымы 8,63 м3/сек (июль), эң азы 0,46 м3/сек (февраль). Ири куймалары: Кертабылгы (19 км), Сасыкбулак (15 км). Жээгинде Актүз шаарчасы, Ильич, Жаңыжол, Кичи Кемин, Боролдой кыш. жайгашкан.