География:КИЧИ АКСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысыккөлгө куйган суу.

Уз. 34 км, алабынын аянты 192 км2. Күнгөй Алатоонун түш. капталынан башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Алабы карагайлуу. Ири куймалары: Желекарагай, Сүттүүбулак. Алабында 3 көл бар. Негизинен мөңгү, кар ж-а булактан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,97 м3/сек. Байкалган эң көп чыгымы 31 м3/сек, эң азы 0,22 м3/сек. Апрелде кире баштап, ноябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Семёновка, Кожояр кыш. жайгашкан.