География:КЕҢКОЛ
– Талас суусунун оң куймасы.
Талас р-нун аймагында. Уз. 35 км. Алабынын аянты 406 км2, орт. бийикт. 2540 м. Кыргыз Алатоосунун батышындагы Башкысуу ашуусунан башталып, негизги кырка тоо ж-а ага жарыш жаткан түш. тармагы – Каражылга тоосунун ортосу м-н агат. Каражылга тоосу жак өндүрү тик. Өрөөнү тепши сымал. Ири куймалары: Ботомчал, Жошо, Чокой, Терек, Чачыкей, Коргонташ. Көп жылдык орт. чыгымы 2,39 м3/сек, эң көбү 4,14 м3/сек, эң азы 0,77 м3/сек. Май, июнь айларында кирип, августта тартыла баштайт. Мөңгү суулары катышпастан жаан-чачындан куралган суу. Талас өрөөнүнө чыккандан кийин 4 сугат каналына бөлүнөт. Боюнда Ташарык, Ортоарык, Акжар кыш. ж-а Манастын күмбөзү жайгашкан.