География:КАШКАСУУ
– Акталаа р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Арпанын оң куймасы.
Арпанын Алатоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 33 км, алабынын аянты 243 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3350 м. 12 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 3,0 м3/сек. Эң көбү июль – августта, эң азы январда байкалат. Мөңгү, кар ж-а жамгыр сууларынан куралат.