География:КАСАНСАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталган суу.

Алабука р-нун аймагында. Уз. 75 км, алабынын аянты 1780 км2. Жогорку агымында Чаткалдысай аталып, өрөөнү кууш. Касансай кыш. ченде түштүктү карай агып, Нарын д-на жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Өрөөнүндө Ортотокой суу с. курулган (1947). Ортоңку ж-а төмөнкү агымы адырлуу ойдуң м-н агып, Төрөкоргон кыш-нан ары салааларга ж-а каналдарга бөлүнөт. Ири куймалары: Терек, Өрүктү ж-а Алабука. Төмөнкү агымында Кукумбай, Чуст, Аксысай ж. б. каналдар курулган. Жылдык орт. чыгымы 11,7 м3/сек, эң көбү июнда (53,1 м3/сек), эң азы мартта (2,16 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, октябрда тартылат. Жээгинде Касансай, Төрөкоргон, Каттаган, Кукумбай кыш. жайгашкан.