География:КАРАКОЛ
КАРАКОЛ, Ч ы г ы ш К а р а к о л – Кочкор суусунун башаты. Уз. 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Алатоосунун түш. капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай ж-а өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, Үчкуулук, Ийрисуу. Булардан башка 30 дан ашык майда куймасы ж-а алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орт. чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м 3/с ек, э ң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөңалыш, Карамойнок кыш. орун алган.