География:КАРАБУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Нарын р-нун аймагы аркылуу аккан суу, Нарын д-нын сол куймасы.

Уз. 55 км, алабынын аянты 418 км2. Ойнокжар тоосунун түн. капталынан Миңбулак деген ат м-н башталып, капчыгайлуу өрөөн м-н түн.-чыгышты карай агат. Ийрисуу м-н кошулгандан кийин Байбиче тоосун кесип өтүп, Нарынга сол жактан куят. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы ноябрь – декабрда байкалат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймасы – Сарыкоо. Жылдык орт. чыгымы 0,7– 1,3 м3/сек. Өрөөнүндө Жаңытилек кыш. жайгашкан. Сугатка пайдаланылат. К. Ийрисуу деп да аталат.