География:КАМБАРАТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Токтогул р-нундагы суу, Нарындын сол куймасы. Уз. 34 км, алабынын аянты 367 км2. Такталык ж-а Көгирим тоолорунун туташкан жеринен башталып, Нарынга куят. Жогорку агымында Коңурөгүз, Туюктөр аталат. Башкы ж-а ортоңку агымында жайык өрөөн, төмөн жагында Орток ж-а Чабак тоолорунун аралыгындагы кууш капчыгай аркылуу агат. Негизинен кар ж-а булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Келте (сол), Ичкесай (оң). Жылдык орт. чыгымы 1,2–2,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь – июлда, азы январь – февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.