География:ЖЫЛУУСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Ү ч е м ч е к – Ички Теңиртоодогу суу. Нарын д-нын алабында. Уз. 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Алатоонун түш. капталына Үчемчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрдөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашкасуу, Ашуусуу ж. б. Чатына жакын Тешиккөл (аянты 0,65 км2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу кайнар булак чыгат. Ж. июнда кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнүндө Тоң ж-а Нарын р-нун малы жайылат.