География:ЖЫЛАҢАЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Нарын р-нундагы суу, На рын д-нын сол куймасы. Уз. 31 км, а ла бынын аянты 100 км2ден ашуун. Жетим кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Балгартка куят.

Алабында жалпы аянты 6,2 км2 келген 21 мөңгү бар. Ири куймалары: Жолколот, Кеңсуу ж. б. Июнда кирип, сентябрда тартылат, айрым жылдары соолуп калат. Жылдык орт. чыгымы 1–2 м3/сек. Өрөөнү ж а йы т.