География:ЖЫЛАНДЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Өзгөн р-нундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы Кумбел тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 23 км, алабынын аянты 140 км2, алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 1600 м.

4 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 1,10 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылгандыктан суусу Жазыга жетпейт. Жээгинде Жыланды кыш. жайгашкан.