География:ЖУУКУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жетөгүз р-нундагы чоң суулардын бири. Тескей Алатоодон башталып, Ысыккөлгө куят. Уз. 63 км, алабынын аянты 590 км2. Карагай, арчалуу кууш капчыгай аркылуу агып, Жууку капчыгайынан Ысыккөл өрөөнүнө чыга бергенде агымы жайлап, тик капталдуу кууш коктуга өтөт. 60тан ашык куймасы бар, ирилери: Ашуукашкасуу, Жуукучак.

Алабында жалпы аянты 1,36 км2 келген 11 тоо көлү бар, алардын эң ириси – Жууку көлү. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,28 м3/сек; эң көбү 52,2 м3/сек. Алабында минералдуу суунун булактары бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Саруу, Даркан кыш. жайгашкан. Аты байыркы кыргыздардын Жуука (аң, аңгек маанисинде) деген сөзүнөн пайда болгон деп божомолдонот. Борбордук Азияда Ж. кууш, тар капчыгайды да туюндурат.