География:ЖОШОЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай р-нундагы суу, Куршабдын оң куймасы. Алай кырка тоосунун түн.-батыш капталынан башталат. Уз. 40 км, алабынын аянты 285 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2700 м. Мөңгү (аянты 1,9 км2 ) бар. Алабы куралуу облусуна кирет. Ж-нун 16 куймасы бар; ирилери: Артөбө, Кызылбулак (оң), Кулмамбет, Бекпута (сол). Жылдык орт. чыгымы 2,20 м3/сек.

Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Гүлчө, Өрүктү, Миязды, Ортосуу ж. б. кыштактары бар.