География:ЖЕРГЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Аксуу р-нундагы суу, Ысыккөлдүн алабында. Тескей Алатоонун түн.батыш капталынан башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 187 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 3260 м. Алабында 8 майда көл бар. Мөңгүдөн башталып, ортоңку бөлүгү карагайлуу кокту аркылуу агып, өрөөнгө чыгат. 10 куймасы бар. Жылдык орт. чыгымы 2 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат.

Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Чоң Жергез, Жергез ж. б. кыш. жайгашкан.