География:ДӨРӨСУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, Ч ы р п ы к Ты – Ысыккөл р-нундагы суу, Ысыккөлдүн куймасы. Уз. 35 км, алабынын аянты 128 км2. Күнгөй Алатоонун батыш бөлүгүнүн түш. беттеринен агып түшөт. Жалпы уз. 69 км болгон 23 куймасы бар; ириси – Көлтөр (23 км). Май – августта ташкындап, сентярбь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль – август айларындагы орт. чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь – февралда соолуп калат; эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай айларында толугу м-н сугатка алынгандыктан көлгө жетпейт. Д-дан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыш. жайгашкан.