География:БЫЧАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Акталаа р-ну аркылуу аккан суу, Алабуга суусунун сол куймасы. Уз.

56 км, алабынын аянты 1050 км2. Суу куралуу облусуна кирет. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталынан башталат. Өрөөнү жазы келип түн.-чыгышты карай 10 кмдей аккандан кийин түш.-чыгышка бурулат. Чатына жакындаганда өрөөнү кууштап кайрадан түн.-чыгыш багытка агат. Жылдык орт. чыгымы 7–9 м3/сек, эң көбү май – июнда, азы январда байкалат. Өрөөнү жайлоо.