География:БАЗАРТУРУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Жумгал р-нундагы суу, Жумгал суусунун сол куймасы. Уз. 34 км, алабынын аянты 270 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3100 м, эң бийик жери 4155 м (Кызарт кырка тоосунда). Соңкөл тоосунун түн., Кызарт тоосунун түш. ж-а түн. капталдарынан суусу чогулат. Суу кууш колот аркылуу агып, Чаарарча, Килемче суулары кошулгандан кийин Б. деп аталып, Кызарт суусуна кошулат. Жылдык орт. чыгымы 2,80 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Базартурук, Карачий кыш. жайгашкан.