География:АШМАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

, А с п а р а – Панфилов р-ну (Кыргыз Республикасы) м-н Мерке р-нун (Казакстан) чек арасы аркылуу аккан суу. Чүй өрөөнүндөгү Курагатты суусунун оң куймасы. Уз. 108 км, алабынын аянты 1210 км2. Кыргыз Алатоосунун түн. капталынан башталат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеңейип, тайыздайт. Ири куймалары: Махан, Аршалы ж. б. Жылдык орт. чыгымы 3,31 м3/сек; эң көбү 9,66 м3/сек, эң азы 1,02 м3/сек. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Алабында жалпы аянты 17,8 км2 келген 34 чакан мөңгү бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чалдыбар, Ровный, Гранитогорск ж. б. кыш. жайгашкан.