География:АТБАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Атбашы р-нундагы суу, Нарын д-нын сол куймасы. Уз. 180 км, алабынын аянты 5540 км2. Нарын кырка тоосу м-н Жаңыжер тоосунан башталган Улан ж-а Жаңыжер сууларынын кошулушунан түзүлүп, чыгыштан батышка карай агат.

Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агып, дарыя жээктей арча, карагай токою өсөт. Босого капчыгайынан өткөндөн кийин жайылмасы кеңейип, бир нече салааларга бөлүнүп, нугу кеңейет (0,5–0,9 кмге чейин). Каракоюн суусу кошулгандан кийин түндүккө карай агып, Кептешке жеткенде кайрадан бир нукка түшөт. Суу тартылган мезгилде Өзгөрүш кыш-нын тушунан кумга сиңип кетип, 6 км төмөн кайрадан нукка түшөт. Жалпы уз. 393 км келген 202 майда куймасы бар. Ири оң куймалары: Көлмө (48 км), Улан (30 км), Бороонду (28 км), Көкжар (25 км), Башача, Ача, Ичкесуу ж. б.; сол куймалары: Жаңыжер, Балыксуу, Бешбелчир, Туюкбогошту (26 км), Ачакайынды, Терексуу (23 км), Каракоюн (81 км). Алабында Көлтөр, Кошкөл, Жашылкөл, Кокуйкөл сыяктуу чакан көлдөр, жалпы аянты 113,7 км2 келген 284 мөңгү бар. Май айында кире баштап, ноябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 33,2 м3/сек, эң көбү 47,6 м3/сек, эң азы 23,9 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Кептешке Атбашы ГЭСи курулган. Боюнда Акмуз, Акмоюн, Бирдик, Атбашы, Акжар, Ачакайыңды, Башкайыңды, Большевик, Биринчи Май, Талдысуу, Өзгөрүш кыш., Достук шаарчасы жайгашкан.