География:АРАБЕЛСУУ
– Ички Теңиртоодогу суу, Жаакташ (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Уз. 61 км, алабынын аянты 750 км2. Тескей Алатоонун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, батыштан чыгышка Арабел өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: Майтөр, Эгизтөр, Сөөк, Кашкасуу, Чоң Төр, Иттиш.
Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,75 м3/сек.