География:АЛТЫНДАРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:12, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Алай р-нундагы суу, Кызылсуунун сол куймасы. Уз. 40 км, алабынын аянты 480 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3600 м, эң бийик жери Свердлов чокусу (бийикт. 5451 м). Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орт. чыгымы 4,70 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.

Жээгинде Көкжар, Жаңышаар ж. б. кыш. жайгашкан.