География:АКШЫЙРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Борб. Теңиртоодогу суу.

Сарыжаздын оң куймасы. Жетөгүз р-нун аймагында. Уз. 98 км, алабынын аянты 2290 км2. Борколдой кырка тоосунун чыгыш бөлүгүндөгү мөңгүлөрдөн (Чолоккапчыгай) башталып, Кайчы суусу кошулганда А. деп аталат. Негизги куймалары: Бикиртик, Коёнду, Бозжалпак, Кайчы, Жаңгарт ж. б. Суу куралуу аянтынын деңиз деңг. орт. бийикт. 3800 м. Чаты 2000 м бийикте. Жайында кирип, күзүндө тартылат. Жылдык орт. чыгымы 13 м3/сек; эң көбү – 101 м3/сек эң азы – 0,78 м3/сек. Алабында жалпы аянты 406,6 км2 келген 243 мөңгү бар. Боюнда Акшыйрак кыш. ж ай г ашк ан .