География:АВЛЕТИМ
– Аксы р-нундагы суу, Карасуунун (Нарындын алабы) оң куймасы.
Уз. 35 км, алабынын аянты 863 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталынан башталат. Майда кирип, ноябрда тартылат. Жогорку ж-а орто бөлүгү кууш өрөөн аркылуу агат. Жылдык орт. чыгымы 10,6 м3/сек; эң көбү 20 м3/сек, эң азы 5,6 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнан Авлетим кыш. орун алган.